Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы 15-апрелде кабарлады.
Эми Маматкановдун талапкерлиги аталган кызмат орунга дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.