
16-18-апрель күндөрү Кытайдын Ордос шаарында дзюдо боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Аталган мелдешке Кыргызстандын улуттук курама командасы катышат.
Ден тарбия жана спорт агенттиги белгилегендей, биринчиликтин алкагында эркектер жана кыз-келиндер арасында жалпысынан 14 топтом медалдар ойнотулат. Кыргызстандын атынан 14 балбан катышат.
Эркектер курама командасынын тизмеси:
66 килограммга чейин - Эрбол Абасбеков, Адис Орозмаматов;
73 килограммга чейин - Нурмухаммад Бакирдинов;
81 килограммга чейин - Чыңгызхан Сагыналиев, Тегин Алмазжан уулу;
90 килограммга чейин - Эрлан Шеров, Эржан Канатбеков;
100 килограммга чейин - Дуат Полтушев;
100 килограммдан жогору - Эмирхан Жолдошказиев.
Машыктыруучулар: Эркин Ибрагимов жана Азат Кубакаев.
Кыз-келиндер курама командасынын тизмеси:
57 килограммга чейин - Жанар Жолдошева, Бегай Бейшеналы кызы;
63 килограммга чейин - Адина Көчкөнбаева, Мырзайым Дүйшөнбекова;
70 килограммга чейин - Алина Молдокулова.
Машыктыруучулар: Гапар Турсуналиев жана Ислам Баялинов.