Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "2028-жылга чейин бир дагы эски мектеп калбайт"

Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып, өлкө аймагында 2028-жылы бир дагы эски мектеп калбай турганын билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, айылдардагы мектептердин көпчүлүгү 70-80-жылдары салынган.

"Мен кызматка киришкенден бери, өлкө аймагындагы бардык мектептерди жаңылоо башкы планда. Биз 30 жылдан бери мектеп салбай, контейнерден салынган мектептерде балдарды окутуп жүрдүк. Айылдарда көбү 70-80-жылдары салынган мектептер, ошолордун баарын жылына жүздөн жаңылап жатабыз. Өлкөдө 2028-жылга чейин бир дагы эски мектеп калбасын деген тапшырма бердим. Азыр ошолорго каражат издеп жатабыз",- деген өлкө башчы.

Ошондой эле мамлекет башчысы 2030-жылга чейин таза суу менен камсыз кылуу маселеси дагы чечилерин кошумчалаган.

Садыр Жапаров
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан