Биз социалдык тармакта

Арстан, кенгуру... Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Чүйдүн Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, калаанын 3-кичи районунда жайгашкан көчмө зоопарк текшерүүгө алынган. Текшерүүдө зоопаркта кармалып турган жапайы жаныбарларга тиешелүү уруксат берүүчү документтер жок экендиги аныкталган. Натыйжада, жагдай толук такталганга чейин алар убактылуу кароого "Бугу эне" коомдук фондуна өткөрүлүп берилген.
Көчмө зоопарктан алынган жапайы жаныбарлардын тизмеси:
  • Африка арстаны – 1.
  • Карышкыр – 4.
  • Канада карышкыры – 1.
  • Күрөң аюу – 1.
  • Маймыл (мартышка) – 1.
  • Чоң үкү – 1.
  • Кенгуру – 1.
  • Чөө – 3.
  • Эму – 1.
  • Эки өркөчтүү төө – 1.
  • Кара жору – 1.
Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, мыйзам чегинде чара көрүү иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан