Биз социалдык тармакта

Депутат TikTok'тогу чектөөнү алып салууну сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламенттин 15-апрелдеги жыйынында TikTok платформасына коюлган чектөөнү алып салууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, аталган платформа айрым жаштардын киреше булагы болуп, ал аркылуу жаштар дүйнөлүк аудиторияга чыгып жатышат.

"Аны жаап койгонубуз менен каалагандар VPN аркылуу кирип, колдонуп жатышат. Албетте, биз улуттук коопсуздук, жаш муундардын тарбиясы сыяктуу маанилүү маселелерди эске алышыбыз керек. Бирок тыюу салуу менен эч нерсени чече албайбыз.

Бүгүнкү күндө TikTok жөн гана көңүл ачуучу портал эмес - бул маалымат таратуунун, билим берүүнүн, бизнес жүргүзүүнүн, чыгармачылыкты өнүктүрүүнүн заманбап аянтчасы десем болот. Ошондуктан, TikTok'тогу чектөөнү алып салуу боюнча маселени карасаңыздар",- деген депутат президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылды.

Эске салсак, буга чейин депутат Дастан Бекешев TikTok тиркемесине коюлган чектөөнү алууну сунуштаган.


Депутат тик ток боюнча маселе көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан