Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын капитаны Эрназар Акматалиев АКШдагы Real American Freestyle лигасы менен келишим түздү.
Анын алкагында, кыргыз балбаны алгачкы беттешин RAF 09 турниринде өткөрөт. Мелдеш 30-майда АКШнын Даллас шаарында уюштурулат.
Акматалиевдин атаандашы 2023-жылдагы дүйнө чемпиону болгон, америкалык балбан Зейн Ризерфорд.
Маалымат үчүн: RAF - эркин күрөш боюнча жаңы америкалык профессионалдык лига болуп саналат. Ал элиталык спортчулар үчүн шоу катары беттеш уюштуруп, UFC жана күрөш жылдыздарын өзүнө тартууда.