Биз социалдык тармакта

Ошто баңгизат менен алектенүүгө шектүүлөр кармалышты (видео)

Ош шаарында баңгизаттарды таратуу менен алектенген деген шек менен 2 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 49 жаштагы жарандын жанынан гашиш баңгизаты табылган. Андан ары жүргүзүлгөн иштен улам шектүүнүн 49 жаштагы шериги колго түшкөн. Алардын үйлөрү тинтүүгө алынган.
Тинтүүдө баңгизат, 10 даана ок, 49 миң 500 доллар жана 10 миң сом акча каражаттары табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Ошто баңгизат менен алектенишкендер кармалышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан