Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен таанышты

Бүгүн, 15-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен таанышып чыкты.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө башчысына райондун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди. Аким Данияр Шейшеканов өткөн жылы 11 социалдык объект курулуп, 128,5 чакырым жол салынып жана оңдолгонун, 5 айыл жана 1 шаар таза ичүүчү суу менен камсыз болгонун белгиледи.

"Учурдагы жылга карата дагы 19 социалдык объекттин курулушу пландалууда. Алардын катарына мектептер, бала бакчалар, спорт залдар жана фельдшердик-акушердик пункттар кирет. Мындан тышкары, кубаттуулугу 600 киловатт болгон “Курак-Тектир-2” чакан ГЭСи ишке берилген. Азыркы учурда ар бири 7,93 мегаватт кубаттуулуктагы “Ноокат-1” жана “Ноокат-2” гидроэлектр станцияларынын курулушу уланууда. Ошондой эле 12 ири ишкананы ачуу пландалууда, анын ичинде кыш жана асфальт-бетон заводдору, тигүү цехи жана жашылча-жемиш сактоочу заманбап кампа бар",- деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан