Өзгөн районунда алимент төлөөдөн баш тарткан жаран 1 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 15-апрелде Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, П.М. аттуу жаранга алиментти ыктыярдуу төлөө тууралуу бир нече ирет сунуштар берилгенине карабастан милдеттенмелерди аткарган эмес. Жалпысынан алимент боюнча карыз 279 миң 180 сомду түзгөнү аныкталган.
Буга байланыштуу аталган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркиндигинен ажыратылды.