Президенттин иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун "Биримдик 24" бөлүмүнүн 3 кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар унааларды мыйзамсыз катташкан деп шектелишүүдө. Тагыраагы, алар белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Орусия каттоосунан чыгарылбаган автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз түрдө катташкан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу, өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган) менен кылмыш иши ачылган.