Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарында “Баластан” эс алуу борборунун курулушу уланууда. Учурда иштердин 45 пайызы бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, курулуш 2025-жылдын ноябрында башталган. Жалпы аянты 6,5 гектар болгон комплекс 9 корпустан туруп, шаардын маданий-экономикалык борборуна айланары күтүлүүдө.
Башкы планга ылайык, борбордо аттракциондор, өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн оюн аянтчалары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулат.