Биз социалдык тармакта

Бишкекте дээрлик 4 миллион сомду алдап алган шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка караганда, 2026-жылдын 3-мартында М.М. аттуу жаран милицияга кайрылып, белгисиз адамдардын алдоосуна кабылганын билдирген. Шектүүлөр 2-март күнү өздөрүн “Түндүк”, Улуттук банк жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери катары тааныштырып, акча кайтарып беребиз деген шылтоо менен жабырлануучуну ишендиришкен.

Алар жаранды шаардагы соода түйүндөрүндөгү төлөм терминалдары аркылуу акча которууга көндүрүшүп, натыйжада 3 миллион 935 миң сом өлчөмүндө каражат ээлеп алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1998-жылы туулган М.А., 2001-жылы туулган А.А. жана 2007-жылы туулган Ч.К. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Алар убактылуу кармоого алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан