Биз социалдык тармакта

Виза... Өкмөт башчы АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу кечээ, 15-апрелде Вашингтондо болгон. Анда тараптар соода-экономикалык, каржы, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар, виза режимин жеңилдетүү маселелерин талкуулашкан. Адылбек Касымалиев Марко Рубиону Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.

Өз кезегинде АКШнын мамлекеттик катчысы сапар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө умтуларын ырасташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан