Биз социалдык тармакта

АКШда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору талкууланды

Кечээ, 15-апрель күнү Вашингтондо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия аймагындагы инфраструктура боюнча аймактык директору Чарльз Кормье менен жолукту.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы стратегиялык маанидеги Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ишке ашыруу болгон.

Адылбек Касымалиев учурда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашуунун текстин тактоо боюнча активдүү консультациялар жүрүп жатканын белгилеген.

Жолугушуунун соңунда долбоорду ийгиликтүү алдыга жылдыруу жана анын инвестициялык этапка өз убагында киришин камсыздоо боюнча аракеттерди мындан ары координациялоо боюнча милдеттенме тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан