Нарында бүгүн, 16-апрель күнү саат 05:57де күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн күчү Конорчок, Чолок-Кайың айылдарында 3,5 баллга, Кош-Булак, Жаңы-Тилек, Баетов айылдарында 3 баллга чейин сезилген.