Президент Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обамага көңүл айтуу катын жолдоду

Бүгүн, 17-декабрда президент Алмазбек Атамбаев АКШнын Коннектикут штатындагы Сэнди-хук мектебиндеги кыргынга байланыштуу АКШ президенти Барак Обамага көңүл айтуу катын жолдоду. Катта АКШ ажосуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшө тургандыгы айтылат. Эске салсак, Коннектикут штатынын Ньютаун шаарындагы Cэнди-хук мектебинде жума күнү куралчан жигит ок атып, жалпы 26 киши, анын ичинде 20 окуучу каза болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан