Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстан парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча да ой бөлүшкөн.
Сүйлөшүүдө Марлен Маматалиев Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине белгилүү коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушун берген.