Биз социалдык тармакта

Сегиз жүк ташуучу унаа күтүп... Кайгуул кызматы унаасын туура эмес токтоткон айдоочуга чара көрдү 

Бишкекте унаасын туура эмес токтоткон айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айдоочу тыюу салынган белгиге карабастан унаасын жолго токтотуп, курулуш материалдарын ташып жаткан жүк ташуучу унаалардын жолун жаап койгон.

Натыйжада сегиз жүк ташуучу унаанын айдоочулары бир жарым саатка жакын убакыт күтүүгө мажбур болушкан. Окуя болгон жерге кайгуул кызматкерлери келип, мыйзам бузган айдоочунун унаасын эвакуациялап, ага карата административдик протокол түзүшкөн.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан