Быйыл борбор калаада 2 миллион түп бир жылдык гүлдөр отургузулат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иштер шаардын төрт административдик районунда бир убакта башталып, адистер коомдук жайларды көрктөндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат.
"Жашылдандыруу үчүн ар түрдүү кооз гүлдөр колдонулат, алардын катарына тагетс, сальвия, агератум, катарантус, георгиндер, петуниялар жана колеустар кирет",- деп белгиленген маалыматта.
"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жана конокторун отургузулган гүлдөргө аяр мамиле кылууга, адистердин эмгегин урматтоого чакырат.