Биз социалдык тармакта

Өзгөндө дагы бир каргашалуу окуя катталды

Ош облусунун Өзгөн районунда жаш кыздын денеси асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, каргашалуу окуя 14-апрелде болгон. Милицияга ошол эле күнү саат 19:15 чамасында кабар келген. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө Т.А. аттуу жаран өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу аныкталды. Окуя боюнча күбөлөр суралып, денеге сырттан кароо жүргүзүлдү.

Учурда маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык изилдөө дайындалды. Тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөндө 29 жаштагы келин жанын кыйганы боюнча маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан