Таласта 10 миллион сомдон ашык суммада тыюу салынган товарларды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Казак тилкесиндеги "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунда коммерциялык сатууга арналган мыйзамсыз товарлар аныкталган.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, алардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз өткөрүү, милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу жана тыюу салынган продукцияны мыйзамсыз жүгүртүү боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.