Биз социалдык тармакта

Астананын аталышына Аскар Акаевдин тиешеси бар экени айтылды

Казакстандын борборун Астана деп атоого Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин сөзү таасир эткен. Бул тууралуу казак экономисти Жангелди Шымшыков казак журналисти Айдар Хамит менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев 1998-жылы кудасынын (Акаевдин) сөзүнөн кийин борбордун аталышын өзгөрткөн.

"Бул теманын айланасында пикир алышуу болгондо Назарбаев "шаардын атын эч ким өзгөртпөйт, андай сөз жок" деп бизге айткан. Бирок 1998-жылы той болуп, Назарбаевдин кудасы, кыргыз президенти Аскар Акаев "Акмола" деген ат эмне? "Астана" деп алмаштыргыла" деген. Бир жумадан кийин Астана деп өзгөрдү. Студенттердин баары эс алууда, биз эч нерсеге үлгүргөн жокпуз",- деди ал.

Шымшыков шаардын тарыхый аталышын Акмолага өзгөртүү үчүн ага чейин жаштар бир нече ирет өз пикирин билдирип, жөө жүрүштөргө жана нааразычылык акцияларына чыгышканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан