Белбоо күрөшү боюнча дүйнөлүк комитетинин президенти Чолпон Султанбекова Улуттук алыш федерациясынын вице-президенти болуп дайындалган Анжелика Кайратовага байланыштуу пикирин Фейсбук баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, бул дайындоо жаштардын демилгеси менен сунушталып, колдоо тапкан.
"Анжелика мен үчүн кыргыздын таланттуу, мыкты, өз эмгеги менен тарых жарата ала турган сыймыктуу айымы. Ал бул ишти камчы салдырбай алып кетет деп терең ишенем. Алышта азыр жалаң жаштар өтө чоң пландарды алдына коюп, тынымсыз иштеп жатышат. Жакынкы келечекте биздин өлкөбүздүн кадыр-баркын көтөрө турган жакшы иштер аткарылат деп ишенем",- деди Султанбекова.
Ал "Алыш" дүйнөлүк деңгээлге чыккан улуттук күрөш экенин белгилеп, анын эшиги ар бир адам үчүн ачык экенин айтты. Ошондой эле коомчулукту негизсиз сындан алыс болуп, улуттук спортту өнүктүрүп жаткан жаштарга колдоо көрсөтүүгө чакырды.