Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев Өзбекстандын Сенатынын төрайымы менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Өзбекстандын Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын жана парламенттер аралык байланыштарды талкуулашты. Маматалиев парламенттик дипломатиянын маанисин белгилеп, чек ара маселелеринин чечилиши соода-экономикалык алакаларды күчөткөнүн айтты.

Өз кезегинде Нарбаева эки элдин жакын коңшу жана бир тууган экенин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан