"Ред Петролеум" компаниясынын башкы директору Акылбек Маматов 13-июнга чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылууда.
Айта кетсек, Маматов Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Анын үй-бүлөсүнүн УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экени айтылып келет.