Биз социалдык тармакта

Бишкектеги жеке менчик мечиттер дин башкармалыгынын көзөмөлүнө өткөрүлүүдө

Бишкек шаарында жеке менчик мечиттер дин башкармалыгынын көзөмөлүнө өткөрүлүүдө. Бул тууралуу 16-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде Ленин районунун баш имам-хатиби Сүйүнали ажы Кулуев аймактагы мечиттерди кыдырып, имамдар жана менчик жер ээлери менен жолугушууларды өткөрдү. Анда менчик жерлерге салынган мечиттерди дин башкармалыгынын балансына өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле мечиттердин тиешелүү документтерин толук бүткөрүү, улуттук агенттиктен күбөлүк алуу маселелери кеңири түшүндүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан