Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым аймактарында 21-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө 21-апрель күнү турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык жана башка социалдык объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
• Курманжан датка көчөсү (темир жол линиясынан Менделеев көчөсүнө чейин)
• Төкөлдөш конушу (темир жол линиясы – Ч. Валиханов көчөсү – 2/9 – «Гранд Сити»)
• Шабдан баатыр проспектиси – Ауэзов көчөсү – Учкун кичи району, Учкун конушу
• Темир жол линиясы – Садовая көчөсү – Путепроводная көчөсү – Ч. Валиханов көчөсү
Өчүрүү ВПУ суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган реконструкция иштерине байланыштуу.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды жана уюмдарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан