Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында Г.Айтиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жол курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Долбоорго ылайык:
• А.Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралган
• Г.Айтиев көчөсү Б.Осмонов көчөсүнө чейин кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлөт
Мындан тышкары:
• Кочконов көчөсү жаңы альтернативалык багыт катары ачылып, жаңы базарга түз жетүү мүмкүнчүлүгүн берет
• Кочконов менен Шамшат көчөлөрүн бириктирген жаңы көчө курулуп жатат
• Бул көчө Айтиев жана Навои көчөлөрүнө түз чыгат
"Натыйжада шаарда үч тараптуу айланма жол түзүлүп, унаа агымы жөнгө салынып, тыгындар азайтылат.
Айланма жолдун диаметри 25 метр болуп, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылды камсыз кылууга багытталган", - деп жазылат маалыматта.