Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Жапония ооруканаларды заманбап жабдуу маселесин талкуулашты

Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити, JICA уюмунун өкүлү Нишигата Котаро жана Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров катышты.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги долбоорлорду талкуулашты.
Жапониянын колдоосу менен Кыргызстанга заманбап медициналык жабдууларды жеткирүү пландалууда. Анын ичинде:
• Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту үчүн жабдуулар
• Улуттук онкология жана гематология борбору үчүн эки маммографиялык аппарат
Бул долбоор өлкөдө жүрөк ооруларын дарылоо, органдарды трансплантациялоо жана онкологиялык ооруларды эрте аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан