Биз социалдык тармакта

Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында штабдык жыйын өттү

Ош шаарында жазгы үч айлыктын жүрүшүнө байланыштуу кезектеги штабдык жыйын өткөрүлдү. Анда шаардагы тазалык жана жашылдандыруу иштери талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, отурумда буга чейинки ишембиликтерде аткарылган иштер боюнча мекеме-ишканалардын отчеттору угулду. Ошондой эле 18-апрелде жалпы республикалык ишембилик өткөрүү пландалып жатканы белгиленди.

Шаар бийлиги бардык мекеме-уюмдарды ишембиликке активдүү катышууга чакырып, тазалык иштерин күчөтүүнү тапшырды. Мындан тышкары жашыл аймактарды кеңейтүү, бак-дарак жана гүл көчөттөрүн отургузуу иштерин улантуу маселеси көтөрүлдү.

Расмий маалыматка ылайык, 1-марттан 16-апрелге чейин шаарда 11 миң 497 түп жалбырактуу, 3 миң 625 түп ийне жалбырактуу дарак, 50 миңден ашык бадал, 15 миң 99 мөмөлүү көчөт жана 200 миңден ашык гүл көчөтү отургузулган. Ошондой эле 4 миң 682 куб метр таштанды чыгарылып, 156 миң метр ички арык жана каналдар тазаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан