Бишкек шаарында 17-апрелден тарта Фрунзе көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү жол оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол оңдоо иштери 17-апрелден башталат. Бул мезгилде аталган тилкеде унаа кыймылы чектелип, айдоочуларга алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алуу сунушталууда.
Шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана убактылуу чектөөлөрдү эске алууга чакырды.