Бишкек шаарында Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Бул чечимге байланыштуу шаардагы №13, №35 жана №45 автобус каттамдарынын жүрүү багыттары убактылуу өзгөртүлдү.
Шаардык кызматтардын маалыматына караганда, аталган тилкеде диаметри 600 мм болгон жаңы канализациялык коллекторду орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш-монтаж иштери бүткөнгө чейин жол жабык бойдон калат.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана айдоочуларды алдын ала маршруттарын пландап алууга, ошондой эле убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырды.