Чүйдө бейтааныш жарандын унаасын айдап качкан жигит кармалды
Сокулукта унаа айдап качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 15-апрелде Сокулук районунда белгисиз жаран үйгө мыйзамсыз кирип, Subaru Legacy үлгүсүндөгү автоунааны айдап качкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2000-жылы туулган Д.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Уурдалган автоунаа ээсине кайтарылды.