Биз социалдык тармакта

Таластагы "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз товарлар кармалды

Таластагы "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда эсепке алынбаган товарлар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалым болгондой, салыкчылар, чек ара жана УКМК өкүлдөрү менен биргеликте "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө пунктунда рейд жүргүзүп, эсепке алынбаган товарларды аныкташты.

Текшерүү учурунда Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан коштомо документтери жок товарлар табылган. Алардын арасында электрондук тамекилер, шишкебек шаймандары, бут кийимдер, аялдардын кийимдери жана эшиктер бар.

Факт боюнча актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан