
Ош шаарында түнкүсүн мушташкан жарандар тергөөгө жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде шаардык милиция маалымат берди.
Эскерте кетсек, интернет желесине алардын мушташканы тартылган видео тарап, айрымдар сабаган жаран балбан Акжол Махмудов болушу мүмкүндүгүн билдиришкен. Милиция бул маалымат чындыкка дал келбей турганын тастыктады.
Маалым болгондой, эки жарандын пикир келишпестиги түнкү клубдардын биринде башталып, май куюучу жайда уланган. Окуя 16-апрелге караган түнү орун алды. Милицияга 1990-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, аны бейтааныш жаран эч себепсиз сабаганын билдирди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгү менен (Бейбаштык) кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталды. Натыйжада 1998-жылы туулган Т.Э кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.