Биз социалдык тармакта

Ошто жаңы 3 тараптуу айланма жол курулууда

Ош шаарындагы Айтиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, долбоор боюнча Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралып, Айтиев жана Осмонов көчөлөрү тарапка карай кеңейтилет.
"Жаңы альтернативалык багыт катары Көчкөнов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле Көчкөнов жана Шамшат көчөлөрүн бириктирген жаңы долбоордук көчөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул көчөнүн бир багыты Айтиев көчөсүнө, экинчи багыты Навои көчөсүнө чыгат. Жыйынтыгында үч тараптуу айланма жол түзүлүп, шаар ичиндеги унаа агымын жөнгө салууга жана тыгындарды азайтууга шарт түзүлөт. Айланма жолдун жалпы диаметри 25 метрди түзүп, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жол кыймылын камсыз кылууга багытталган",- деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан