Биз социалдык тармакта

Гүлназ Чыныбек кызы африкалык бийчи балдар менен "Аттиң ай" ырына клип тартты 

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Руандадагы Moriox Kids тобунун балдары менен "Аттиң ай" ырына клип тартты. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүшүп, атайын видео жарыялаган.

"Достор, "Аттиң айдын" клибин тартып бүттүк. Буюрса, эртең кечки саат 19:00дө менин YouTube каналыма жүктөйбүз",- деп билдирүү калтырган ырчы айым.

Учурда Гүлназ Чыныбек кызы Руандада жүрөт, ал жакта африкалык бийчи балдар менен жолугушууларды өткөрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин Moriox Kids тобунун балдары ырчынын аткаруусундагы "Аттиң ай" ырына жана башка кыргыз чыгармаларына бийлеп, видеолорду тартып чыгышкан. Бул видеолор социалдык тармактарда кеңири тарап, көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан