
Бүгүн, 17-апрель, эрте мененки саат 8:00дөн тарта Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда жол ачык, бороон жүрүп жатат. Тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Транспорт министрлиги аба ырайынын шарттарын эске алып, алыскы сапарга чыгууну алдын ала пландап, жол эрежелерин так сактоого чакырат.