Биз социалдык тармакта

Башкы прокуратура 4 салыкчыны жоопкерчиликке тартты

Башкы прокуратура Салык кызматынын 4 өкүлүнө айып пул салынганын билдирди.
Маалымдалгандай, алар жеке компанияга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузушкан. Тактап айтканда, так эмес маалыматтарды колдонуу, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын туура эмес эсептөө жана кошумча нарк салыгын негизсиз эсептөө аркылуу ишкердик субъектке 91 миллион сомдон ашык суммада мыйзамсыз салык милдеттенмелери жүктөлгөн.
Натыйжада, ишкердик субъекттин бузулган укуктары калыбына келтирилип, аталган суммалар толугу менен жокко чыгарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан