Бишкектеги унаа жолдордун жалпы узундугу 2822 чакырымды түзөт. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Ал анын 1834 чакырымы оңдоого муктаж экенин айтты. Мэр белгилегендей, шаарда каттоодо турган унаалардын саны 500 миңге жакын болсо, ал эми күндө кирип-чыгып жаткан унаалардын саны 700 миңге жетет.