Биз социалдык тармакта

Чүйдө жол кырсыгынан 5 жаштагы кыз каза болду

Чүй облусунда 5 жаштагы кызды унаасы менен сүзүп кетүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, окуя 14-апрелде, саат 19:35 чамасында болгон.
Анда 39 жаштагы Hyundai Robex 140W үлгүсүндөгү экскаватордун айдоочусу Сосновка айылында 5 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Натыйжада кыз окуя болгон жерден каза болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу кармалды. Бардык зарыл болгон соттук экспертизалар дайындалды.
Тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан