Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын инспектору пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат милициянын лейтенанты УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин белгилеп, учурда тергөө иши жүрүп жатканын кошумчалады.