Кыргызстандын жасалма документтерин, паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн пайдаланууга шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгү (Билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.