Биз социалдык тармакта

Экстремисттик ишмердүүлүккө шектелген кыргызстандык өлкөгө алынып келди

УКМК терроризмге каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында чет мамлекетте ошол жактагы өнөктөштөрү менен биргеликте экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзүп, эл аралык издөөдө жүргөн А.Т. аттуу кыргызстандыкты кармады.

Маалыматка ылайык, ал чет өлкөдөн Кыргызстанга алынып келип, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

37 жаштагы жаран социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу сот тарабынан экстремисттик деп таанылган материалдарды таратып, тыюу салынган уюмдардын радикалдуу идеологиясын жайылтуу менен алектенген деп шектелүүдө.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан