Биз социалдык тармакта

Бишкекте абаны булгаган жүк ташуучу унаанын айдоочусуна чара көрүлдү 

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкекте абаны булгаган жүк ташуучу унаанын айдоочусуна чара көрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда техникалык жактан бузук абалдагы транспорт каражаты тартылган видео тараган. Видеодон унаанын түтүк системинен айлана-чөйрөгө зыян келтирген коюу түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

Бул факт боюнча транспорт каражатынын айдоочусу аныкталып, протокол түзүлгөн. Ал эми дагы тийиштүү чараларды көрүү үчүн материалдар экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан