Чүй каналына жеңил унаа түшүп кеткени тартылган видео социалдык тармактарга тарады.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, аталган унаа каналдын жээгиндеги жолдо жүрүп бара жатып, сууга түшүп кеткен. Видеодон ак түстөгү унаанын сууга чөгүп бара жатканын көрүүгө болот.
Милиция аталган окуя тууралуу тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.