
Ош облусунун Араван районунда алгачкы жашылча жемиштер бышып, сатыкка чыга баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймактагы өсүмдүктөр башка аймактарга салыштырмалуу 2-3 жумага эрте бышат.
"Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко чыгарышууда. Жакынкы күндөрү жергиликтүү сорттогу капуста, жаңы бышкан сарымсак андан кийин бадыраң, помидор, картошка, кулпунай, кокон гилас сатыла баштайт",- деп билдирди министрлик.
Өлкө аймагындагы капуста негизинен Казакстан менен Орусияга сатылары кошумчаланды.