Биз социалдык тармакта

Бишкекте ТӨМЕР түрк тили окутуу борборунун 30 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 16-апрелде борбор калаабыздагы Улуттук филармонияда ТӨМЕР түрк тили окутуу борборунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышында алгач мекеменин директору Ильяс Сүт келген конокторду, түрк тили окутуу борборунун студенттерин 30 жылдык маараке менен куттуктады.

Андан ары мааракеде кыргыз-түрк ырчылары, бийчилери эки өлкөнүн маданиятын көрсөтүшүп, иш-чара концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле студенттер арасында лотереялар ойнотулду.

Белгилей кетсек, ТӨМЕР Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда билим берүү, маданият жана тил жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Түркия түрк тилин окутуу борбору болуп саналат. Мекеме 1996-жылы Бишкек Мамлекеттик университетинде ачылып, азыркы учурда өлкөнүн бардык шаарларында тил окутуу борборлору бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан