
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Бул тууралуу 17-апрелде Чүй облустук Жол милициясы кабарлады.
Жол тескөөчүлөр айдоочуларга кайрылып, жол коопсуздугу эрежелерин так сактоого чакырды.
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, бийик тоолуу чөлкөмдөрдө кар жаап жатат.