"Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек-Ош каттамындагы адаттан тыш окуя боюнча комментарий берди.
Маалыматка ылайык, учуу учурунда салондогу басымды камсыз кылган систем белги берип, экипаж тиешелүү нускамага ылайык учакты төмөндөтүүнү баштаган. Жүргүнчүлөргө кычкылтек берилген. Учaк ийгиликтүү конуп, жабыркагандар болгон жок. Учурда борт убактылуу каттамдардан алынып, техникалык текшерүүдөн өтүүдө.
Авиакомпания жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады.
Кечээ, 16-апрелде Бишкектен Ошко учкан учактын салонунда кычкылтек жетпей, эс-учун жоготкондор болгонун күбөлөр айтып чыгышты. Айрыкча бөбөктөргө кооптуулук жаралганын билдиришти.
Эскерте кетсек, аталган компаниянын учактары Канадададан сатып алынган.